Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү же бир нерсени көрүү үчүн көз жүгүртүү, көз салуу, көрүү сезими аркылуу байкап чыгуу. Адыл ордунан турду да, отургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Элик эдиреңдеп жүгүрүп келип, маңдай жагыбызга тура калды да, эки жагын карады («Ала-Тоо»). || Белгилүү бир тарапты, багытты карай баш буруу, багытталуу. Башы ылдый, аягы асманды карап калганын көрчү («Чалкан»). Терезелери батышты караган чатырлуу тамдан түтүн бурулдайт («Ала-Тоо»). 2. Кандайдыр бир ишти, маселени талкууга алуу, текшерүү жүргүзүү. Кечке Садык правления чакырып, Татыбектин маселесин караган (Байтемиров). 3. Малдын куутун билдирүү үчүн колдонулат. Айгыр бээни карады. 4. Белгилүү бир убакыттын, мезгилдин өтүшү же бирөөнүн канчага келгенин, канча жашка чыкканын ж. б. билдирүү үчүн колдонулат. Биздин үй-жайлуу болгонубуз качан, мына быйыл он жылга карап калды («Ала-Тоо»). Үчүнчү мартка караган түнү болгон окуя («Чалкан»). Касейин быйыл жыйырма төрткө карады (Сыдыкбеков). 5. Карамагына өтүү, тийиштүү болуу. Бул жайыт жерлер көптөн бери биздин колхозго карайт эмеспи, андыктан башка жактан келгендерди кондурбай, коруй турган акыбыз бар («Ала-Тоо»). 6. Көңүл буруу, көз салуу, кам көрүү, каралашуу, асыроо. Үй-жайына, бала-чакасына карабай бет алды кете берген ким бар, биз да алардын камын жеп жүрөбүз («Ала-Тоо»). Ышкынаалыны аялы карабайт, карабаган сайын эри буулугуп баратат (Бейтемиров). Тууганына карабаган жигитпи?! («Ала-Тоо»). Ата-энесине карай турган адам сендей болобу? («Чалкан»). 7. Сарп кылууну, коротууну же кандайдыр бир керекке жаратууну каалабоо, аёо, сараңдык кылуу. Акчага карап отуруп куру калдыкпы, ала турган малды баасы келгенде алып коюш керек эле («Ала-Тоо»). 8. Тамак-аштан алгыла, жегиле деп сунуш кылуу, өтүнүү маанисинде айтылат. Курбум, чайга кара! – деди Иса чай сунуп жатып (Сасыкбаев). Кана, Чүкө, нанга караңыз (Баялинов). 9. Кандайдыр бир ишке, окуяга таң калуу, өкүнүү же аны мактоо, кубаттоо маанисинде айтылат. Эртеден бери алам деп отуруп, кетеримде унутуп калганымды кара («Ала-Тоо»). Кубалап жетпей калганымды кара («Чалкан»). Э-эй, тетиги аюунун карагайга чыгып баратканын кара («Жаш ленинчи»). Ишибиз оңдой берди болуп, бүгүн күн ачылып кеткенин кара («Ала-Тоо»).